Кара-Суу районунда 720 орунга ылайыкташкан заманбап мектеп ачылды

Кара-Суу районунда 720 орунга ылайыкташкан заманбап мектеп ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Өргө айылында 720 орунга ылайыкташкан  заманбап мектеп ачылды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, курулуш иштерине 160 миллион сом сарпталган.

Мектептин ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, райондун акими Тилек Матраимов өңдүү чиновниктер катышкан.

Аталган мектептин курууга кеткен бардык каражат Сары-Ой айыл аймагынын бюджетинен бөлүнгөн. Жаңы мектепте спорттук зал, ашкана, жыйын зал бар. Мындан сырткары заманбап 32 жаңы компьютер, 4 интерактивдүү такта жана 4 проектор алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңы окуу жылына карата Ош облусунун аймагында 4 мектеп ачылган. Алдыда дагы 2 мектептин ачылышы күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>