Кара-Сууда багылып жаткан 1000ге жакын эшек башка жакка көчүрүлдү

Кара-Сууда багылып жаткан 1000ге жакын эшек башка жакка көчүрүлдү

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Береке Мойнинг” ишканасында багылып жаткан эшектер белгисиз жакка көчүрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg` ге өздүк булактар кабарлады.

«Жакында эле чыккан эшек этине байланыштуу окуядан кийин, аталган жердеги багылып жаткан 1000ге жакын эшектер башка жакка көчүрүлүптүр. Кайсы жайга көчүрүлгөндүгү  азырынча белгисиз», -деди маалымат булагыбыз.

Жакында эле социалдык тармактарда Кара-Суу районунда эшектер багылганы, жана алардын  эттерин тамакка кошуу үчүн атайын даярдашууда делген маалыматтар тараган.

Ош облустук милициясы бул маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп, Кара-Суудагы “Береке Мойнинг” аталышындагы ишканасында 1000ге жакын эшек багылганын тастыктап, бирок эшектерди союп этке таркаткан фактылар катталбаганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>