Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, ал коңшу үйлөргө жайылган

Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, ал коңшу үйлөргө жайылган

Кара-Суу районунун Якубов көчөсүндө жайгашкан  турак үйдөн чыккан өрт коңшу көчөдөгү үйлөрдүн чатырына өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилги билдирди.

Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 4 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 тез жардам унаасы жана милиция кызматкерлери тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 13:27де чектөөгө алынган. Өрт саат 15:14тө толук өчүрүлгөн

Жалпысынан өрт чалган жайдын жалпы аянты 268 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>