Карагандада педофил жаш кызды энесинин көзүнчө 6 жыл зордуктап келген

Карагандада педофил жаш кызды энесинин көзүнчө 6 жыл зордуктап келген

Казакстандын Караганда облусунда педофил үй-бүлө кызын үч жашынан баштап 6 жыл зордуктап, порнографиялык видеого жана сүрөткө тартып интернетке жарыялап келген. Бул тууралуу zakon.kz  жазды.

Педофилдер кыздын энеси жана аялдын ойношу болгон. Алар 2019- жылдын күз мезгилинде кармалган.  Тергөө учурунда ишке оор кылмыш катары “өзгөчө жашыруун” деген гриф коюлган.  Шектүүлөргө соттун өкүмү чыккандан кийин гана коомчулук үрөй учурган кылмыш тууралуу кабардар болгон.

 Сот кыздын энесинин ойношун 21 жылга ал эми кыздын энесин 16 жылга эркинен ажыраткан.

 Караганда облусунун райондор аралык сотунун судьясы Бекзат Шалгимбаевдин айтымында, кызды зордуктоо энесинин уруксаты менен жасалып келген.

“Кызды биринчи жолу 3 жашында зордуктаган. Энеси алардын жанында барына күбө болуп отурчу экен. Педофилдер окуяны видеого тартып алып, атайын сайттарга сатып турган.  Алар бул кылмышты 6 жыл жасап келген”, — деген судья.

Кылмыш иш Интерпол эл аралык уюму тарабынан ачылып, издөө жарыялангандан кийин педофилдер Карагандадан кармалган. Интерполдун кылмышкердердин изине түшүшүнө порно сайттарга чыккан өспүрүм катышкан видео себеп болгон.

 Зордукталган кыз учурда 14 жашта, 7-класста окуйт. Бул окуя коомчулукка белгилүү болгон соң, өспүрүм психологиялык жардам алуу үчүн атайын жайга жиберилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>