Каракол мэриясы: көп кабаттуу үйдүн эшиктери сваркаланганы калп, оңдоо иштери жүргөн

Каракол мэриясы: көп кабаттуу үйдүн эшиктери сваркаланганы калп, оңдоо иштери жүргөн

Каракол шаардык мэриясы Кирпич заводу кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн кире бериш эшиктери сваркаланганын четке какты.

Бирок шаардык мэрия аталган 55-үйдө жашаган адамдан коронавирус аныкталганын ырастаган.

“5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алынуу чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Муниципалитет жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылган эмес”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кестек, 5-апрель күнү кечинде 55 үйдө жашаган шаар тургундары, кире бериш эшиктер сваркаланып, алар сыртка чыга албай калганын айткан.

Бүгүн, 6-апрелде эрте менен Алена Хоменко аттуу фейсбук колдонуучу сөз болуп жаткан көп кабаттуу үйдүн кире бериш эшиктеринин сваркалангандан кийинки сүрөттөрүн жүктөгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>