Каракол шаардык кеңешинин депутаты мыйзасыз мандат алууга шектелүүдө

Каракол шаардык кеңешинин депутаты мыйзасыз мандат алууга шектелүүдө

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев жараксыз паспорт менен мыйзамсыз мандат алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Тууганбек Чолпонбаев 2012-жылдын ноябрында Ак-Суу районунун Тепкин айылдык кеңешинин депутаты катары көрсөтүп,  жаңы паспорт алган. Аны 2016-жылдын февраль айына чейин колдонуп келген.

Бирок ал 2016-жылдын февраль айында эски паспортунун көчүрмөсүн көрсөтүп Каракол шаарынын аймактык шайлоо коммиссиясына СДПКнын атынан  Каракол шаардык кеңешине талапкер болгон.

Ошентип Тууганбек Чолпонбаев Каракол шаардык аймактык коммиссиясына жараксыз паспортун регистрациядан өткөрүп шайлоо мыйзамдарын бузуп Каракол шаардык кеңешинен мыйзамсыз депутаттык мандат алган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иштери мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

Ошондой эле Каракол шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев өзүнүн коллегасы Тууганбек Чолпонбаев сабап койгону боюнча чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган.

Бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү боюнча («Паспортту мыйзамсыз негизде колдонуу») каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, 215 («Кылмыш жолу менен алынган каражатты адалдоо») жана 321-беренелери («Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча дагы тергөө амалдары башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>