Караколдо коронавирус чыкты деп көп кабаттуу үйдүн подъезддери сваркаланды — видео

Караколдо коронавирус чыкты деп көп кабаттуу үйдүн подъезддери сваркаланды — видео

Каракол шаарынын Кирпичный кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган адамдан коронавирус аныкталып, үйдүн баардык подъезддери сваркаланды. Бул тууралуу “Репортерго” жергиликтүү тургундар кабарлады.

“Коронавирус аныкталды делген адам жакында эле даабаттан келген болчу. Ал дароо обсервацияга жаткырылбай үйүндө жүрүп, эки жума мурун үй-бүлөсү менен обсервацияга алып кетишкен. Анализдери бүгүн чыккан окшойт. Биз жашаган  үйдүн төрт подъездиндеги темир эшиктердин баарын сваркалап, кулпу илип салышты. Балконго чыгып, биз кантип чыгабыз десем, «ачабыз» деп койюшту. Үйдү тегерете лента да тартып коюшту. Эми эмне кылабыз билбейм”, — деди жергиликтүү тургун.

Азырынча бул маалыматты тиешелүү жактардан тактаганга мүмкүн болгон жок.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 147 адамга жукту Алардын  экөө каза болуп 9у оорудан айыкты. Вирус жуктуруп алгандардын 9у дарыгерлер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>