Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду (өмүр баяны)

Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду (өмүр баяны)

Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду. Бул тууралуу «sputnik.kg» жазып чыкты.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Урумовдун айтымында, мектепке жаңы көз караштагы жетекчи зарыл болгондуктан Карыбаев тандалган.

Жоомарт Карыбаев 1992-жылы Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында төрөлгөн. Каракол педагогикалык колледжин аяктаган. Ал эми жогорку билимди Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алып, орус тили жана адабияты мугалими адистигин аяктаган.

Буга чейин башталгыч класстарга дене тарбия, орус тили жана адабияты боюнча сабак берип, Ысык-Көл телерадиокомпаниясында диктор болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>