Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-сентябрда Пекиндеги эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышты.

Ал Кытайды тышкы соода жана экономикада Казакстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири катары сыпаттап, бул өлкөгө азык-түлүк эспорттоону көбөйтүү керектигин айтты:

– Белгилүү болгондой, Казакстан жогорку сапаттагы буудай экспорттогон алдыңкы он өлкөнүн катарында. Былтыр Кытайга 550 миң тонна буудай жөнөткөнбүз. Биз муну 3,5 эсеге – 2 миллион тоннага чейин жеткире алабыз, — деди Токаев.

Казакстан лидери өлкө буудайдан тышкары туз, эт, сүт азыктарын экспорттоого даяр экенин айтты.

Кытай Казакстандан буудайдан башка мунай жана газ, металлдарды алат.

Токаев Казакстан инвестиция үчүн жагымдуу шарт түзүүгө бардык күчүн жумшап жатканын белгилеп, кытай ишкерлерин каржы операциялары үчүн Эл аралык «Астана» каржы борборун пайдаланууга чакырды.

Расмий маалыматтар боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылы 12 миллиард долларды түзгөн. Кытайдын Казакстанга салган инвестициясы 20 миллиард долларга жетет.

Токаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки Пекинге жасаган алгачкы мамлекеттик сапары «Кытай экспансиясына» каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди. Демонстранттар казак бийлигинен 55 ишкана куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн келишимден баш тартууну талап кылышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>