Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чектөөлөрдүн тизмеси

Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чектөөлөрдүн тизмеси

Казакстанда коронавируска байланыштуу бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, анын мөөнөтү 16-марттан 15-апрелге чейинки убактты камтыйт.

Бул убакыт аралыгында киргизилген тыюу салуулар жана чектөөлөр:

  • Өзгөчө манидеги корголуучу объектилерде кайтаруу күчөтүлсүн;
  • Ири соода түйүндөрдүн иштөө убактысына чек коюлсун;
  • Соода жана оюн-зоок борборлордун, кинотеатрлардын, театрлардын, музейлердин жана ададмдар көп чогула турган мекемелердин иши токтотулсун;
  • Карантин жарыялоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлсүн;
  • Спорттук, маданий жана мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынсын;
  • Казакстандын жана чет өлкөлүк дипломаттардын персоналын кошпогондо өлкөгө унаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөө киргизилсин.

Белгилей кетсек, Казактснда коронавирусту жуктургандардын саны 8 адамга жетти. Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачы учуру 13-мартта катталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>