Казак президенти вируска байланыштуу зыян тартып жаткандарга жөлөк пул бөлөт

Казак президенти вируска байланыштуу зыян тартып жаткандарга жөлөк пул бөлөт

Казакстанда акыркы суткада коронавирусту жуктурган 7 учур катталды. Бул тууралуу казак  басылмалары жазып чыгышты.

Бул өлкөдө коронавирус жуктургандарды жалпы саны 67ге жетти. Эң көн Нур-Султан шаарында 34 адам вирусту жуктуруп алган.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>