Казакстанда Интернеттеги 13 миңден ашык баракча бөгөттөлдү

Казакстанда Интернеттеги 13 миңден ашык баракча бөгөттөлдү

Казакстанда жыл башынан бери социалдык түйүндөрдө экстремисттик мазмундагы 13 миңден ашык баракча жабылды. Бул тууралуу 6-ноябрда Нур-Султандагы дин таануучулардын форумунда маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

«2019-жылдын башынан бери интернет-ресурстардын ээлери менен жетекчилерине сунуш айтылып, мыйзамга каршы келген 25 миңден ашуун материал өчүртүлгөн. Терроризм жана диний экстремизм идеологиясын пропагандалаган 13 миңден ашуун материалга бөгөт коюлган», – деди Абаев.

Казакстан бийлиги жыл сайын Интернетте экстремизмге үгүттөгөн сайттар менен баракчалар жабылып жатканын кабарлаганы менен алардын тизмесин жарыялабайт. Алардын арасында бийликке жакпаган сайттар дагы болушу ыктымал деп кооптонгон укук коргоочулар бул процедура ачык болушу керек деп эсептешет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>