Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 8 адамга жетти

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 8 адамга жетти

Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов онлайн брифингде маалымдаганын 24.kz басылмасы жазды.

15-мартта ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган эки адамдын бири Москва шаарынан Алматыга учуп келсе, экинчиси Сеул шаарынан учуп келген.

Буга чейин Казакстанда 6 адамдын коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Алардын экөө Нур-Султан шаарынын тургундары болсо, төртөө Алматы шаарынын тургундары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>