Казакстанда коронавирустун онунчу учуру катталды

Казакстанда  коронавирустун онунчу учуру катталды

Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун онунчу учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Даис Ахметшарип кабарлаганын 24.kz басылмасы жазды.

16-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 33 жаштагы айым бир күн мурун Стамбул —Алматы каттамы аркылуу учуп келген.

Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру 13-мартта катталган. Учурда ооруну жуктуруп алган 8 адам Алматы шаарында, экөө Нур-Султан шаарында дарыланууда.

16-январдагы маалыматка ылайык, Казакстандын 1536 жараны стационардык шартта байкоодо турса 1094 жаран үй карантинине алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>