Казакстанда кызылча дарты өөрчүп жатат

Казакстанда кызылча дарты өөрчүп жатат

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 13-августта кызылча дартынын дүйнөдөгү абалы тууралуу жарым жылдык баяндамасын жарыялады. Маалыматка караганда, бул дарт Казакстан Ангола, Камерун, Чад, Нигерия, Филиппин, Түштүк Судан, Судан Таиландда өөрчүп жатат.

2019-жылдын алгачкы жарым жылдыгында кызылча менен ооругандардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда үч эсе өсүп, 2006-жылдан берки рекорддук деңгээлге жеткен. Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча өткөн алты айда дүйнөдө кызылча менен ооруган кишилердин саны 364 миңден ашкан.

Баяндамада Африка континентинде кызылча менен ооругандар он эсеге көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралганы айтылат.

Уюмудун быйыл апрелде жарыялаган малыматы боюнча 2019-жылдын алгачкы үч айында Казакстанда кызылча менен ооруган 3414 адам каттоодон өткөн. Муну менен бул өлкө аталган дарттын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндө бешинчи орунда турат.

Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюму дарттын өөрчүшүнө вакцина болгон күндө дагы эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүп жатышы себеп болушу ыктымал экенин эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>