Казакстанда «Мазактоо» беренеси боюнча айыпталган активист акталды

Казакстанда «Мазактоо» беренеси боюнча айыпталган активист акталды

Актөбө соту 9-январда «Мазактоо» беренеси менен айыпталган жергиликтүү активист Алибек Молдинди актады. Судья бул иште кылмыш курамы жок экенин жарыялады.

Буга чейин Алибек Молдин айыптоолорду четке кагып, жарандык активдүүлүгү үчүн жергиликтүү бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын билдирген.

Бир нече жолу тынч митингдерге катышып, административдик жоопкерчиликке тартылган Молдинге ноябрда кылмыш иши козголгон. Сотко көп балалуу бир нече аял кайрылып, активист акимчилик алдына чогулган көп балалуу энелерге акарат келтиргенин билдиришкен.

Үч аялдын бирөө декабрдын аягында арызын кайтарып алган.

Активист Алибек Молдин 2016чы жана 2019-жылы жер маселесине, таза шайлоо өткөрүүгө байланыштуу митингдерге катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>