Казакстанда тамекинин баасы кымбаттады

Казакстанда тамекинин баасы кымбаттады

2020-жылдын январь айында Казакстанда өндүрүлгөн тамекинин көлөмү 26.5% жогорулап, бир жыл ичинде 521.2 млн даана тамеки чыгарылган. Ал эми 2019-жылы 412 млн даана тамеки өндүрүлүп, көлөм тескерисинче 33.2% азайган. Бул тууралуу energyprom.kz порталы кабарлады. 

2020-жылдын январь айында тамекиге болгон баа жогорулаган. Орточо эсеп менен бир кутум тамекинин баасы бир жыл ичинде 10.4% жогорулап, 1.2 долларды (452.5 теңге) түзгөн.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-январында 1000 даана тамекиге болгон акциз салыгы 13.8 пайыздан 26.32 долларга чейин (9.9 миң теңге) жогорулаган, ал эми 2019-жылы бул баа 23.13 долларды түзгөн. Бул тамекинин кымбатташынын башкы себеби. 

«Бир тутум тамеки Актобеде эң жогорку баа — 1.29 долдларга сатылат. Ал эми Нур-Султан менен Костанайда — 1.27 долларга, Актауда — 1.25 долларга, Көкшетауда — 1.24 долларга сатылат. Жалпысынан 18 шаардын ичинен 8 шаарда, тамеки орточо баадан жогору сатылары анык болгон.  Эң арзан баа менен Талдыкорганда — 1.12 долларга, Атырауда — 1.15 долларга жана Петропавловскада — 1.17 долларга сатылат», — деп жазылат маалыматта. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>