Казакстанда жөө жүргүнчүнү унаа өлтүрө сүзгөн учур видеого түшүп калган —видео

Казакстанда жөө жүргүнчүнү унаа өлтүрө сүзгөн учур видеого түшүп калган —видео

Казакстандын Түркистан облусунун Сарыгаш шаарында 18 жашар кызды унаа сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган. 

Окуянын видеосу Polisia.kz сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кырсык 24-февралда болуп,  кыз алган жаратынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Текшерүү учурунда айдоочунун  спирт ичимдигин ичкени аныкталган эмес.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>