Казакстанда жол кырсыгынан 23 адам жаракат алды

Казакстанда жол кырсыгынан 23 адам жаракат алды

Нур-Султанда автобус менен жүк унаасынын кагылышуусунан 22 жүргүнчү жана автобустун айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-сентябрда борбордук көчөлөрдүн биринде болгон. Жүк унаасы негизги жолдо бараткан автоунаага жол бербей коюп, жыйынтыгында автобус менен сүзүшкөн.

Автобустун айдоочусу ооруканага жаткырылып, 22 жүргүнчү медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.

Полиция бул кырсык боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>