Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келет

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келет

Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VIII отуруму да өтөт. Эки тарап соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетикалык өнүгүү, азык-түлүктүк өндүрүш жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнү талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында өкмөт башчылар тар жана кеңири форматта жолугушуп, бир катар документтерге кол коюшат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>