Кеминде зордукталды делген аял боюнча милиция териштирүү баштады

Кеминде зордукталды делген аял боюнча милиция териштирүү баштады

Кеминдик аялды мурунку күйөөсү үйүнө алып барып, ур токмокко алып, зордуктап салган делген факты боюнча териштирүү башталганын Чүй облустук миилциясы билдирди.

“Шектүүнүн миилция кызматкеринин жакын досу экендиги текшерилүүдө. Бүгүн-9-октябрда ал Кемин райондук милиция бөлүмүнө алынып келинди. Шектүү айтылып жаткан окуя боюнча тергөөчүлөргө сурак берет”, — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда бул факты Кылмыш жана жоруктардын реестрине катталып, “Зордуктоо” беренесинин негизинде сотко чейинки тергөө башталган.

Аталган окуя тууралуу буга чейн Фейсбуктагы «БеспределKG» группасына атайын билдирүү жарыяланган. Анда, “Сизңдимди 5-октябрга караган түнү Тимру аттуу мурунку күйөөсү алдап үйүнө алып барып, ур-тепкиге алып, 2 саат бою зордуктаган. Тимур жергиликтүү милиция бөлүмүнүн Азис аттуу башчысынын досу болгондугуна байланыштуу, укук коргоо органдары анын аракетине чара көрбөй жатат”, — деп жазылган.

Ошондой эле андагы билдирүүдө жабырлануучу ооруканада жатканы, арызды Рустам Маматбеков аттуу тергөөчү кабыл алганы жана шектүүнү кармоо боюнча тапшырма бергенине карабай Туимрдун кармалбай жатканы жазылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>