Иса Өмүркулов: жолугушууга Жээнбековдун тиешеси жок


«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрү Иса Өмүркулов менен жолугушууга Асылбек Жээнбековдун атынан келген эмес. Бул тууралуу депутат бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. 

«Мен атайын бирөөлөрдүн айтканы кабыл албайм. Алар да бирөөнүн атынан келген эмес. Айрыкча Асылбек Жээнбековдун атынан эмес. Мен графикке ылайык, бардык каалоочу жарандарды кабыл алдым», — деди Өмүркулов. 

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов Иса Өмүркулов менен жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштурганын буга чейин билдирген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *