Кичи автобустун айдоочусун урду деп шектелген адам кармалды

Кичи автобустун айдоочусун урду деп шектелген адам кармалды

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусун урду деп шектелген адам кармалды. Бишкек шаардык милициясынан билдиргендей,  учурда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат.

“Тойота” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу маршруттук таксинин айдоочусун уруп  сабагандыгы туурлуу маалымат милицияга 10-октябр күнү кече маал келип түшкөн. Ошол эле күнү шаар тургуну арыз менен кайрылып, “Тойотанын” айдоочусу жол талашып кетип, аны урганын айткан.

Бул факт «ээнбаштык» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары кармалган 24 жаштагы адам учурда сурак берүүдө.

11-октябрь күнү интернетте жаш жигиттин жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусун уруп жатканы тууралуу видео тараган. Жигиттин адепсиз жоругу көпчүлүктүн кыжырын келтирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>