Киевдин мэри Виталий Кличко журналистке кол салып, адепсиздигин көрсөттү

Киевдин мэри Виталий Кличко журналистке кол салып, адепсиздигин көрсөттү

Бокс боюнча оор салмак категориясында дүйнө чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Соломенс районунун тургундары менен болгон жолугушууда өзүнүн адепсиздигин  көрсөттү, —  деп жазат Pressball басылмасы.

Басылманын маалыматына караганда, Кличко журналисттин ыңгайсыз суроосуна теригип, анын телефонун тартып алууга аракет кылган.

“Бул кадрлар Кличконун өзүнө карата айтылган сын-пикирлерге кандай жооп береринин далили.  Ал Платновский көчөсүн бойлой салынган мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөргөн журналисттин телефонун жулуп алгысы келе, анын жан сакчылары колунан кармоого аракет кылды”, — деп жазган басылма.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>