Кийинки апта 2020-жылдагы ажылыкка катто башталат

Кийинки апта 2020-жылдагы ажылыкка катто башталат

2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

10-декабрда болуп өткөн жыйында ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу чыкканын белгилеп өттү.

“2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Алланын конокторуна жогорку деңгээлде кызмат кылалы, бул өтө соопту иш”, — деди Жоробай ажы Шергазыев.

Мындан сырткары жыйынында 2019-2020-жылдагы өтө турган конкурстар жана ажылыкка каттоо маселеси каралып, декабрь айынын ортосунда конкурстарга жарыялар берилери жана ажылыкка каттоо башталары белгилүү болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>