Кипрдан келген Ысык-Көлдүн тургунунан вирустун белгилери аныкталган жок

Кипрдан келген Ысык-Көлдүн тургунунан вирустун белгилери аныкталган жок

Кипрдан келген Ысык-Көл облусунун Жаркымбай айылынын тургунунун дене табы көтөрүлүп, 22-мартта инфекциялык ооруканага жаткырылган. Андан коронавируска тест алынып, анын жыйынтыгында вирустун белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Кипрдан келген жаран 1991-жылы туулган.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жаӊы жуктуруу учурлары – 26.

Баары – 42.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>