•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
МАДАНИЯТ

Өкмөт 3 драма театрды оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык бөлдү

Өкмөт  3 драма театрды капиталык оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык  бөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июлда акча каражаттарын бөлүү чечимине кол койгон.

Эми Финансы министрлиги белгиленген тартипте  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдашуусу менен  Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй финансылык каражаттарды бөлүп берет.

  •  84 миллион, 605 миң 100 сом  Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына;
  • 97 миллион  658 миң 300 сом Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына;
  • 16 миллион  сом Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынына берлет.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын май айында Кыргыз улуттук академиялык драма жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларынын имараттарынын абалы менен таанышкан.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *