Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 185-чакырымында “Ауди-100” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги электр карагайын сүзгөн. ӨКМнин куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар 2014-жылкы Т. кызы Х., жана 1960-жылкы А.С., аттуу эки адам болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>