Кочкордо 37 жаштагы аялын күйөөсү токмоктоп өлтүрүп койду

Кочкордо 37 жаштагы аялын күйөөсү токмоктоп өлтүрүп койду

Нарын облусунун Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя  1-январда түнкү саат он эки жарым чамасында болгон.

РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун “Тез жардам” бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, ал белгисиз себептен улам эчак эле каза болуп, жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жатканын билдирген.

Ыкчам тергөө топ аялдын жансыз денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда өлүктүн оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганын байкашкан.

Бул окуяга байланыштуу шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынды. Алгачкы териштирүүдө ал аялы менен уруша кеткендигин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракуш мээ тушка бир жолу тээп жибергендигин айткан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үй-бүлөнүн бир кыз, бир уулу бар болгон. Окуя болгон учурда алар таятасынын үйүндө болушкан.

Ушунун менен күйөөсү аялын өлтүрө сабаган окуя бир жумага жетпеген убакыт ичинде эки жолу катталды.

4-январда  Баткен шаарынын 31 жаштагы тургуну 27 жаштагы өз аялын өлгүчө сабап, келин алган жараатынан улам ооруканаг жетпей каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>