Кочкордо эки унаа сүзүшүп 7 адам жаракат алды

Кочкордо эки унаа сүзүшүп 7 адам жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа сүзүшүп, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-февраль күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Жол айылындагы С.Орозбаков көчөсүндө Daewoo Nexia жана ВАЗ-2107 үлгүлөрүндөгү унаалары жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаасын сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia унаасында 4 эркек адам, ВАЗ-2107 унаасында 2 эркек адам. ЗИЛ-130 унаасында 1 эркек адам  ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгон адамдар жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>