Кой-Таш окуясы боюнча Рыскелди Момбеков мамкомиссияга: Бир учурда ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот

Кой-Таш окуясы боюнча Рыскелди Момбеков мамкомиссияга: Бир учурда ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып жатат.

Мамкомиссиянын атынан баяндаманы депутат Тынчтык Шайназаров жасады.

Суроо-жооп учурунда депутат Рыскелди Момбеков комиссиянын жыйынтыгына нааразы болуп, Атамбаевге эмес, акыйкаттыкка болушарын айтты.

«Мен 2005-жылы революцияга катышкам. Керек болсо башында болгом. 2010-жылы революциянын башында болбосом да арасында болгом. Бирок Кой-Таштагы когалаңында болгон эмесмин. Менин атымды кошуп койгон экенсиңер. Мен Атамбаевге болушпайм, мен акыйкатка болушам», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле Момбеков Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова милдеттерин аткарбай үнсүз макулдуктарын берди дегенине мамкомиссия түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

«Кодуранова менен Карамушкина эмне кылып үнсүз макулдугун бериптир? Башын ийкептирби же колун булгалаптырбы?», — деп собол салды Рыскелди Момбеков.

Депутат Тынчтык шайназаров Момбековго: «Адамдардын күнөөсү барбы, жоктугун тергөө баа берет. Бул жерде маалымат каражаттарынан, тергөө органдарынан алынган маалыматтар боюнча комиссиянын корутундусу дайындалган. Бүгүнкү күндө Карамушкина менен Кодуранованын макамы аныкталган. Алар кылмыш ишинде айыпкер катары аныкталган. Үй камагына алынышкан. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жооп берди.

Рыскелди Момбеков комиссиянын кортунудусуна аны дагы кошуп койгонуна нааразы болду.

«Кой-Ташта эмне болгонун эл жакшы билет. Эки жолку революцияга катышканымды мойнума алам. Ал боюнча мени жоопко тартсаңар болот. Бул жерде отурган Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин убагындагы адамдардын бардыгы комиссия түзүп, мени комиссиянын кортунудусуна кошуп коёт деп ойлобоптурмун. Убакыт келет ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот. Курсан Асановго орден бериш керек болчу. Ким ишенет ушундай корутундуга? Депутаттарга баа бергенди билет экенсиңер, андай кыйын экенсиңер Күч түзүмдөрдүн жетекчилердин жоопкерчилигин жазып койбойсуңарбы?», — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>