Кой-Таш окуясы: Карамушкина Атамбаевдин сотто отурган сүрөттүн жарыялады

Кой-Таш окуясы: Карамушкина Атамбаевдин сотто отурган сүрөттүн жарыялады

Бүгүн, 4-мартта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угуулар болот.

3-мартта биринчи соттук ортурум өттү. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы катышты. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, сот залында тийиштүү шарттар жок болгондуктан, жыйын башка күнгө жылдырылды.

«Залда отургучтар жетишсиз, орун аз болду. Ал эми соттолуучулардын үнү кабинадан угулбай жатты», — деди жактоочу.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook баракчасына сот залында отурган Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн жарыялады.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаев өзүн жакшы сезип жатканын бирок кан басымы мурдакыдай эле төмөн бойдон экенин билдирди.

«Сот залында дарыгерлер да отурду. Убактылуу кармоо жайынын шарттарына нааразычылык айткан жок. Атамбаевдин маанайы жакшы. Ал сот отурумуна катышканы менен сүйлөгөн жок», — деп маалымдады ал.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 киши айыпталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>