Кой-Таш окуясы: Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Кой-Таш окуясы: Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында башынан каттуу жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каражат өкмөт башчынын резервдик фондунан Саламаттык сактоо министрлигине которулган.

Ал учурда Москвада дарыланууда. Буга чейин Курманкуловдун абалында жакшы жылыштар бар экенин дарыгерлер билдирген. Москвадагы реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин бейтап борборго которулмай болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>