Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

7-8-августт күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрүн иштин регламенти жана жыйындын күн тартиби менен тааныштырды.

Мамкомиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө комиссия Юстиция министрлигинин маалыматын укту.

Кийинки жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматы угулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>