Кой-Таштагы башаламандык боюнча бир нече иш козголду

Кой-Таштагы башаламандык боюнча бир нече иш козголду

Башкы прокуратура Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка байланыштуу бир нече иш козгоду.

Аталган түзүмдөн билдиргендей, “массалык башаламандык”, адам өлтүрүү”, “барымтага алуу” беренелери боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо  операциячы учурунда массалык баш аламандык болуп, бир нече адам жабыркап, атайын кызматтын бир жоокери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 48 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага түшкөнүн айтууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>