Кой-Таштагы башаламандыкты чагылдырып жүргөн «Репортердин» журналистти бутунан жаракат алды

Кой-Таштагы башаламандыкты чагылдырып жүргөн «Репортердин» журналистти бутунан жаракат алды

Кой-Таш айылындагы башаламандыкты чагылдырып жүргөн РЕПОРТЕР агенттигинин журналистти Сталбек Абдижалил уулу бутуна тийген таштан жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.

«Саат түнкү 12ге жакын болчу. Мен Атамбаевдин үйүнөн кайтып келе жаткам. Жолду 100гө жакын адам бууп алып, милиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп жатыптыр.

Бир убакта атайын аскер унаасы тосмону жарып өттү. Артынан милиция кызматкерлери элди туш тарапка качырды. Менин журналист экенимди тааныта турган кемселим жок болгон үчүн күч органдарынан качууга туура келди. Ошол убакта чоң таш бутума тийип, баса албай калдым. Анан 4-шаардык ооруканага келдим.  Бактыга жараша бутумун сөөгү таза экен. Азыр абалым жакшы», — деди ал.

Абдижалил уулу ошондой эле саат 21:15тен баштап Кой-Таштагы  Атамбаевдин тарапташтары менен атайын кызматтын жоокерлеринин кагылышына күбө болгонун, алардын кандай жаракат алганын көргөнүн айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>