Кой-Таштагы кырдаалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү (сүрөт)

Кой-Таштагы кырдаалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү (сүрөт)

7- 8-августтагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков. Ал комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш экенин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча күбө катары болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

Жыйында комиссиянын катчылыгы түзүлдү.

Комиссиянын катчылыгына төмөндөгүлөр кирди:

 Жогорку Кеңешттин депутаты Бакытбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана  Алишер Мамасалиев кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>