•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРМАДАНИЯТ

Комуз күнүнө карата иш-чаралардын планы бекитилди

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «9-сентябрды Комуз күнү деп белгилөө» жарлыкка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир катар иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу “Марал” жазып чыкты.

Атап айтсак, бул датага байланышкан иш-чаралар 8-сентябрда Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелине гүл коюлуп, Куран окулуп, залкар комузчуну эскерүү менен башталат. Ошондой эле комузчулардын концерти да орун алат.

Ал эми 9-сентябрда саат 10до Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жыйындар залында илимий-практикалык конференция, саат 12.30да Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында залкар акын, чебер күүчүнү эскерүү, 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде «Комуз — улуттук сыймык» аттуу көргөзмө, 18:00дө аталган мекеменин чоң залында «Таңшысын комуз» аттуу гала-концерт өтөт.

Мындан тышкары, өлкө аймактарындагы бардык коомдук жайларда аталган күнгө карата ар кандай иш-чаралар белгиленип жатат.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *