Президент «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президент «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт.

Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

— 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгилөө;

— Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>