«Коопсуз шаар»: Айып пулдан 200 млн сомдон ашык каражат түштү. Жол кырсыктары 52% кыскарды

«Коопсуз шаар»: Айып пулдан 200 млн сомдон ашык каражат түштү. Жол кырсыктары 52% кыскарды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» (ББР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министрге «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун алкагында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 8 айында ББР тутумунда 267 миңден ашуун протокол катталып, 426 млн сомдон ашык суммага айып салынган.

Вице-премьер-министр Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

ЖКККББ маалыматына караганда, бүгүнкү күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 400 миңден ашуун жол кыймылынын эрежелерин ар түрдүү бузуулар катталган. Алардын ичинен 178 миңдей бузууга 200 млн сомдон ашуун төлөнгөн. Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52% кыскарган. Денесинен ар түрдүү жаракат алгандардын саны азайган. Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде  жол кырсыктары 70% чейин кыскарды.

ЖКККББ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Транспорт жана жолдор министрлиги менен биргеликте долбоордун экинчи баскычын республиканын аймагы боюнча ишке ашыруу максатында жол инфратүзүмдөрүн ылайык келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>