«Коопсуз шаар»: Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 800дөн ашык камера орнотулду

«Коопсуз шаар»: Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 800дөн ашык камера орнотулду

Премьера-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү. Анда Абылгазиев Өкмөт тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашканын жана адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулганын билдирди.

Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери жол кырсыгы азайганын айтты.

«Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 % азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.

Чүй облусу боюнча дагы ушундай эле жагдай. Мында жол кырсыктарынын жана жаракат алгандардын санынын кыскаруусу байкалат. Тагыраагы, 2018-жылдагы 4 авария жана 6 жабырлануучуга каршы 2 жол кырсыгы жана 3 жабырлануучу.

Ушунун негизинде бул тилкелерде авариялуулук азайып жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны реалдуу түрдө гана кыскарбастан, коррупциянын алдын алуу, унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун жакшырышы орун алды деп эсептейбиз.

Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>