•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
КООММАКАЛАЛАР

“Коопсуз шаар II”: Сынакты тендердик комиссия аныктайбы?

Бүткүл өлкөнү камтый турган “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга белсенген компания али тандала элек. Август айынын башында сынактын экинчи айлампасы өтүп, талапкер 4 компаниянын бири сынактан четтетилди.

Жакынкы күндөрү тендердик комиссия жеңүүчү компанияны ачыктайт. Ага карабай  талапкер компаниялардын бири, Орусиялык  “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы долбоорду ишке ашырууга өзүн гана татыктуу деп көрсөтүп, сынак комиссиясына даттануу арыз менен кайрылды.

Аталган компания арызда, Орусиялык “Вега” концерни компаниясы менен  Кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы техникалык шарттарга жана квалификациялык талаптарга жооп бербесе да экинчи айлампага өтүп кетти деген.

Максат Жылышбаев

Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаевдин айтымында, сынактын экинчи айлампасын өткөрүүдө эч кандай эреже бузулган эмес.

“Көз карандысыз сынак комиссиясы “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясынын даттануусун кароосуз калтырды. Себеби алардын арызында атаандаш компаларга карата далилдүү кемчиликтер көрсөтүлгөн эмес”, – деди ал.

Белгилей кетсек, “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы жергиликтүү “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасы менен өнөктөштүктө өткөн жылы, “Коопсуз шаардын” биринчи этабы үчүн өткөрүлгөн тендерге да катышкан.

РЕПОРТЕР агенттигине билдирген өздүк булактын маалыматына ишенсек, “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясын сүрөп жаткан адам Жогорку Кеңештеги таасирдүү депутаттардын бири. Ал бул маселе менен өкмөткө да кирип чыккан.

Азиза Абдирасулова

“Коопсуз шаар” долбоору үчүн буга чейин  өткөрүлгөн тендерлерде сынак  комиссиясынын мүчөсү болуп келген  Азиза Абдирасулова Кыргызстанда тендерлер ачык өтпөйт деген пикирде.

“Мен тендердик комиссияда мүчө болуп жүрүп “Мамлекеттик сатып алуу” мыйзамынын өтө татаал экенин жана  тендер өткөрүп жаткан мекеме менен подрядчы компаниянын ортосунда кызыкчылыктардын кагылыш бар экенине күбө болдум”, – деди Абдирасулова.

Талапкер компаниялардын ортосундагы тирештин сыры эмнеде?

“Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык” эң төмөнкү баа менен эң ыңгайлуу шартты  сунуш кылган компаниянын жеңүүчү деп табылууга тийиш. Бирок сынактан жеңилип бараткан компания тендерди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган көрүнүш же атаандаш компанияларды каралоо буга чейин да болуп келген. Алсак,  ошол эле  “Маалымат системасынын  коопсуздугу” компаниясы “Коопсуз шаардын” 1-этабында “Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган” деп арыз жазып, иш сотко чейин жеткен. Бирок сот  “Вега” компаниясынын тендерди утуп чыкканын мыйзамдуу деп тапкан.

Жылдыз Базакеева

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Жылдыз Базакеева акыркы жылдары тендерди  ачык өткөрүүгө шакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, бирок чоң тендерлерде жеке кызыкчылыктар бар экенин жашырган жок.

“Мамлекеттик сатып алуу порталы ишке киргенден бери мурдагы жылдарга салыштырмалуу тендерлер ачык өткөрүлүп баштады. Порталдан сынактын талаптары сыяктуу бардык маалымат менен каалаган адам тааныша алат. Бирок чоң тендерлерде чоң кызыкчылыктар бар, ал жерлерде жең ичинен сүйлөшүп алган көрүнүштөр жок эмес. Анан да, биздин мыйзамдар улам өзгөрүп турат, мисалы: “Мамлекеттик сатып алуу” мыйзамындагы “мамлекеттик кызматкерлердин туугандары тендерге катышууга тыюу салынат” деген берене бар, ошол беренени Жогорку Кеңеш тарабынан  алып салууга аракеттер болгон”, – деди Базакеева.

Жеңүүчү компания эмне кызмат аткарат?

  • Долбоорду ишке ашыра турган жеңүүчү компания мамлекетке  эреже бузууну каттаган кызматты сатат;
  • Мамлекет менен тендерден жеңип чыккан компания 5 жылга келишим түзөт;
  • Келишимге ылайык компания өз эсебинен жабдууларды орнотуп, баардык иштетүүнү колго алат;
  • Катталган ар бир эреже бузууну ИИМдин карамагындагы борбордук серверге жөнөтүп турат;
  • Ар бир эреже бузуунун баасы орточо 240 сомго баалайт;
  • Айып пулдан түшкөн акчанын тең жарымына ээ болот.

 Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев кошумчалагандай, эреже бузуу үчүн салынган айып пулдан түшкөн каражаттын жарымына жакыны компаниянын эсебине которулат. Бирок ар бир катталган эреже бузуу үчүн эмес, төлөнгөн айыптардын акчасынын жарымы гана компанияга жиберилип турат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүткүл өлкө аймагын камтыйт. Жеңүүчү болуп табылган компания жалпы аппараттык-программалык 306 түйүндү ишке киргизет. Анын 266сы стационардык болсо 40 көчүп жүрүүчү комплекс болмокчу.

Автор: Сталбек Абдижалил

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *