Жаңы мыйзам күчүнө кирсе да, мурда жол эрежесин бузгандарга жеңилдик жок

Жаңы мыйзам күчүнө кирсе да, мурда жол эрежесин бузгандарга жеңилдик жок

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Аталган мыйзам долбоорунда айып пулдардын 8 түрү боюнча категорияларын азайтуу сунушталууда.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов мурда жол эрежесин бузган айдоочулар бүгүнкү күнгө чейин айып пулун төлөй электер бар экенин айтып, алар кайсы тариф менен кутула аларын сурады.

Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтуусунда, аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап жазылган жол эрежесин бузган айдоочулар жеңилдетилген тариф менен төлөй алышат.

«Бул мыйзам күчүнө кире элекке чейинки жол эрежесин бузган айдоочулар буга чейинки көрсөтүлгөн сумма менен айып пул төлөйт. Анткени буга чейин токтомдор чыгып калган. Токтомду биз буза албайбыз», — деди ИИМдин өкүлү.

Сунушталып жаткан айып пулдардын 8 түрү боюнча категорияларынын тизмеси:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;

— автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө, Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жол чырактын тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>