“Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыра турган компания менен келишим түзүлдү

“Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыра турган компания менен келишим түзүлдү

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра турган кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы менен Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин ортосунда келишим түзүлдү.  Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Макулдашууларга ылайык, компания 12 ай ичинде долбоорду этабы менен аягына чыгарып, программалык-жабдуу комплекстерин белгеленген жерлерге куруп бүтүү керек.

«Shenzhen Sunwin» компаниясы Кыргызстандын 7 облусуна, 17 шаарына жана 73 калктуу конушка жол эрежесинин бузулушун каттай турган 306 көзөмөл камераларын жабдуусу менен орнотот.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча өткөрүлгөн тендерге 3 компания катышып, эң төмөнкү бааны сунуш кылган кытайылк компания алдыга чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>