Коопсуздук кеңеши Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө таратты

Коопсуздук кеңеши Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө таратты

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мурдагы  вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан кетишинин себептерин кенен түшүндүрүп, алардын коронавирустун алдын алуу иштеринде бир катар кемчиликтерге жол беришкендиги тууралуу билдирүү таратты.

Андагы билдирүүгө ылайык, 27-январынан 31-мартына чейинки аралыкта Коопсуздук Кеңеши беш ирет отурум өткөрүп, аларда коронавирустук инфекциянын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алууга багытталган чечимдер кабыл алынган. Ал чечимдин алкагында Өкмөткө республикалык штаб түзүү сунушталган.

Республикалык штаб вирусту өлкө аймагына киргизбөө жана анын жайылышын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды өз убагында көргөн эмес жана көзөмөлдөгөн эмес.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штаб бардык адистештирилген лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЦР-тесттердин запасы жана аларга керек болгон материалдар менен камсыздашы керек болчу.

Бул иштер аткарылган эмес. Узак убакыттан бери коронавирус илдетин аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган.

Январь айынын аягында реагенттердин жана тест-системалардын баасы минималдуу эле. Пандемия жарыяланган күндөн баштап, суроо-талап жогору болгондуктан, алардын баасы үч эсеге кымбаттаган.

2020-жылдын январында вирусологдор менен лаборанттар Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дарегине коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Бирок, алардын кайрылуулары этибарга алынган эмес.

Коопсуздук Кеңешинин ар бир отурумдарында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө бир нече ирет эскертилген.

Анткен менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген республикалык штабдын ишмердигинин тийиштүү деңгээлде уюштурулбагандыктан, мамлекеттик органдардын иши жетиштүү координацияланбай, зарыл болгон чечимдер өз убагында кабыл алынбагандыктан, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ага тагылган кызматтык милдеттенмелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынан улам бир катар ири катачылыктарга жол берилип, мунун натыйжасында коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес.

Коопсуздук кеңешинин жыйындарында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө бир нече ирет эскертилген.

Анткен менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген республикалык штабдын ишмердигинин тийиштүү деңгээлде уюштурулбагандыктан, мамлекеттик органдардын иши жетиштүү координацияланбай, зарыл болгон чечимдер өз убагында кабыл алынбагандыктан, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ага тагылган кызматтык милдеттенмелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынан улам бир катар ири катачылыктарга жол берилип, мунун натыйжасында коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штабдын кабыл алган чечимдери республиканын облустары менен райондоруна өз маалында жеткирилген эмес.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын билдирүүсүнүн аягында Алтынай Өмүрбекова  менен Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчиликсиз мамилесинин кесепетинен өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалдын, коомчулуктун нааразычылыгынын жана көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби болуп калгандыгы баяндалат.

Билидирүүнү толугу менен бул жактан окуй аласыздар.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  1-апрель күнү кызматтан алынышты. Ушул эле күнү вице-премьерликке Аида Исмаилова, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримов дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>