Коронавирус боюнча 6 жакшы жаңылык

Коронавирус боюнча 6 жакшы жаңылык

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо үчүн түзүлгөн республикалык штабдан “баардыгы жаман эмес!”, деген лозунг менен эпидемияга байланыштуу “позитив” маалыматтар менен бөлүштү.

1. Иранда 103 жаштагы чоң эне илдетти жеңип чыкты.
Улгайган куракта бул оорунуу жеңүү кыйын деген кептерге 103 жаштагы Ирандын СЕМНАН шаарынын тургуну чекит койду. Ал ооруканада бир жума дарыланып, илдетти жеңип, үйүнө кайтып барган.

2. Коронавирусту толугу менен жеңген алгачкы өлкө Кытай болуп саналат.
Мындан 2-3 ай мурун Кытай дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекция тараган объект деп табылган. 31-март бүткүл Кытай боюнча вируска чылдыккан бир дагы жаран табылган жок.

3. Apple компаниясы кеңселерин кардарлар үчүн ачты (азырынча Кытайда гана).
1,5 ай карантинден соң Apple компаниясы 42 расмий дүкөндөрдүн эшигин ачты. Компаниянын мүдүрү Тим Кук пандемия бизди көп нерсеге үйрөттү, биринчи орунда адамдардын өмүрү тураарын билдирген.

4. Кыргызстанда 5 киши айыкты.
Коронавирусту биздин өлкөдө беш киши жеңип чыкты. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ала-Бука райондоунун тургундары. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “бул беш жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок.

5. Окумуштуулар COVID-19 вирусун чакырган антителаны табышты.
Нидерландиянын Роттердам жана Утрехттир окумуштуулары вирусту чакырган SARS-CoV-2 антителаны табышты. Инфекцияны токтоткон (жапкан) бул биринчи антитела болуп саналат, алардын айтымында антитела эми вируска каршы дармек даярдоого колдонулат.

6. АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады.
16 март күнү АКШда 45 ыктыярчыга вируска каршы дары дармек колдонулган. Жалпы жонунан алганда 18ден 55 жашка чейинки 45 ыктыярчыга ар кандай дозада, кандай эффект чыгаарын аныктоо үчүн колдонулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>