Коронавирус. Меккедеги Кааба бош калганына Имам ыйлаган видео тартылды

Коронавирус. Меккедеги Кааба бош калганына Имам ыйлаган видео тартылды

Учурда Сауд Арабиясындагы ыйык Мекке шаарында Каабаны айланып, зыярат кылгандар жок. Дайыма эл толуп турган Каабанын бош калганына Имам ыйлап, куранды мукактанып араң окуган видео «SALTAN HOCA» ютуб каналына жүктөлдү.

Буга дүйнөнү каптап жаткан коронавирус инфекциясы себеп болууда.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө бир күндө 10 миң 982 адам коронавирус оорусун жуктуруп алган болсо, 343 адам каза болду.

Акыркы эки күндө Өзбекстанда вирусту жуктурган 6 адам катталса, Казакстанда 9 адам илдетти жуктуруп алган.

Коронавирусту алдын-алуу боюнча Республикалык штабдын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда вирусту жуктургандар жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>