Коронавирус тууралуу жалган маалыматтардан сак болуңуз

Коронавирус тууралуу жалган маалыматтардан сак болуңуз

Кытайдын Ухань шаарынан башталган коронавирус илдети бүтүндөй дүйнөнү каптап, оору 182 мамлекетке жайылды. Азыркы тапта интернет беттеринде коронавирус тууралуу маалыматтар улам жаңыланууда. Ал эми социалдык тармактарда жана мессенджерлерде коронавирус пандемиясы тууралуу такталбаган  маалыматтар тарап жатат. Poynter басылмасы жалган маалыматтардан сактануунун бир нече жолун сунуш кылат.

Вирус тууралуу окуңуз

Вирустун жугуу жолдору жана алгачкы белгилери тууралуу окуңуз. Анткени вирус тууралуу көп билген сайын интернеттеги жалган кабарларга ишенбей каласыз.  

Ооруну ойлоп чыгарышкан дегенден алыс болуңуз

Учурда интернет беттеринде вирусту кайсы бир мамлекет ойлоп чыгарган деген божомолдор тарап жатат. Далилденбеген маалыматтарга ишенбеңиз жана мындай маалыматтарды эч жакка бөлүшпөңүз.

Сүрөттөр менен видеолорду текшериңиз

Тарап жаткан ар бир маалыматка карата өкмөттүн ыкчам аракеттерин салыштырып туруңуз. Социалдык тармактар аркылуу жайылып жаткан вирус тууралуу сүрөттөр менен виделордун түп нускасын табуу үчүн Google Image , RevEye жана InVid сыяктуу сервисттерди колдонуңуз.

Статистикалык маалыматтарды бир нече ирет текшериңиз

Кайсы бир мамлекетте же аймакта оорудан улам каза болгондор тууралуу маалыматтарды сөзсүз түрдө текшериңиз. Анткени күн сайын маалыматтар жана сандар өзгөрүп турат. Мүмкүн болсо маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий сайтынан же worldometers Дүйнөлүк статикалар тууралуу расмий сайттан алсаңыз болот.

Ооруну өз алдынча эмдөө жана ар кандай дарылар тууралуу маалыматтар менен бөлүшпөңүз

Вирус менен кошо аны дарылоо жолдору тууралуу ар кандай кабарлар тарап жатат. Алсак Индияда «Бхаратия» партиясынын өкүлү Жаната Моди коронавируска дары болот деп, элди  уйдун заарасы менен тезегин колдонууга үндөгөн. Мындай маалыматтарга ишенбеңиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>