Коронавирус. Ысык-Көлдөн умрага 11 адам барган. Алардын бирөө обсервацияда

Коронавирус. Ысык-Көлдөн умрага 11 адам барган. Алардын бирөө обсервацияда

Умрага (кичи ажылыкка) Ысык-Көл облусунан 11 адам барган. Алардын 10у үй карантинине алынса, бирөө обсервацияда жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев REPORTER.KGге билдирди.

Анын айтуусунда, Ысык-Көлдө 3 адам облусттук ооруканада атайын каратинге алынган адамдар үчүн дайындалган мекемеде обсервацияда жатат.

«Дарыгерлер кичи ажылыктан келгендерди үй карантинде көзөмөлгө алып жатышат. Обсервацияда жаткандардын абалы туруктуу. Алардын экөө Германиядан келсе, бирөө Умрадан келген. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабыл алган чечимге ылайык, алар 14 күндүк карантинге алынган», — деп билдирди.

Аталган облустун казыятынын маалыматына ылайык, 11 адам 26-февралдан 19-мартка чейин умрага (кичи ажылыкка) барып келишти. Алардын ичинен Каракол шаарынан – 3 киши, Жети-Өгүз районунан 6, Түп районунан 2 киши барган.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунан 51 адам умрага барып келгени маалым болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>