Коронавируска байланыштуу Нооруздагы көк бөрү токтотулду

Коронавируска байланыштуу Нооруздагы көк бөрү токтотулду

Коронавирус илдетин алдын алууга байланыштуу Нооруз майрамында боло турчу көк бөрү боюнча республикалык турнир токтотулду.  Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Өкмөт кабыл алган тиешелүү чечимге ылайык, өлкө аймагында боло турчу бардык спорттук жана маданий иш-чаралар токтотулган. Ага ылайык 9-10-март күндөрү өтө турчуу Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү ат оюндары быйыл өткөрүлбөйт.

Мындан сырткары Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтчү иш-чаралар  дагы токтотулуп, сатылган билеттердин акчасы элге кайтарылмай болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>